Чек ара чырынан жаракат алгандардын 118ине ок тийгени белгилүү болду

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жаракат алгандардын 118ине ок тийген. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев маалымат жыйында билдирди.
"2-майга карата Кыргыз-Тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши курман болду. Жаракат алгандардын 12си чек ара кызматынын жоокерлери, 17си милиция кызматкерлери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон", - деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкенин кошумчалады. Алар келтирилген чыгымдарды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт. Бүгүнкү учурда "тынчтыкка каршы кылмыш", "массалык баш аламандыкты уюштуруу", "адам өлтүрүү" жана башка 11 кылмыш иши козголгону маалым болду.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.
Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dembele84

02.05.2021. 17:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тажиктер жакшылыкты тушунбогон мал калк экен.Мындан кийин эч нерсе откорбой буларды кысыш керек,дос болбойле койолу ушул иттер менен!
Sambet08

02.05.2021. 18:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек араны эле жаап койсо куурайт эле иттер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.