"Жабыркаган мектеп, бала бакча, мугалимдериме, окуучуларыма барам". Билим берүү министри Баткенге сапар алды




Тажиктердин куралдуу кол салуусунан кийин кыйраган Лейлек районунун Максат айылындагы жаңы мектеп калыбына келтирилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Министр күйүп кеткен мектептин сүрөттөрүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жайгаштырып, билдирүү жазды.
"Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан Максат орто мектебибиз. Бул мектепте 200-300гө чейин окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенип келген. Мектепти кайра оңдойбуз. Бул билим уясында билим алуу уланат!
Азыр Баткенге сапар алдым. Жабыркаган мектеп, бала бакча, мугалимдериме, окуучуларыма барам", - деген ал билдирүүсүндө.
Буга чейин Максат айылында курулушу аяктап, иштетүүгө берилген эки кабаттуу мектеп өрттөлгөн. Имараттын сүрөттөрү интернетке тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Shabi

02.05.2021. 19:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кызыгы Эми ушунун баарына ким жооп берет.Талкалаган тажиктер,аны ондогон кыргыздар ар кимден жардам сурап кайырчыдай.
AdylbekB84

03.05.2021. 01:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мектепти бузган, өрттөгөн мечитти бузган менен барабар! Тажиктер көрөрүң али алдыда, Аллахым жөн койбойт, Аллага тапшырдык!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.