Башындагы окту алышты. Чек арадагы жаңжалдан жаракат алган бейтапка операция жасалды






Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен башына жана көкүрөгүнө ок тийген бейтапка бүгүн, 2-майда операция жасалды. Жабырлануучуга операцияны Бишкектен барган адистер жасашканын Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан кабарлашты.
"38 жаштагы бейтап 2-майда Лейлек дарыгерлик практикалык борборуна келип түшкөн. 30-апрелде жарандын башына жана көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Бишкек шаарынан барган дарыгерлер тобу бейтапты карап, тез арада башындагы окту алуу боюнча операция жасалды.
Дээрлик эки саатка созулган операция ийгиликтүү болуп, ок алынды. Учурда бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык", - дешти мекемеден.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Ички иштер министринин орун басары жаракат алгандардын 118ине ок тийсе, дагы 10 адамга таш тийгенин кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.