super.kg logo

ИИМ: "3-майга карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу"

 

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда абал тынч болуп, түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.

"Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө. Милиция кызматкерлери коюлган блок посттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Куралдуу кагылышуу орун алган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан айылдарды министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен биргеликте кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө. Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күнү-түнү жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: