24ү аскер кызматкерлери. Баткендеги чек ара чырында жабыркагандардын саны 183кө жетти
Баткендеги чек ара чырында жаракат алгандар жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөөнүн республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов катышууда.
"Баткендеги чек ара чырында 183 адам жаракат алса, 34 адам каза болду. Жаракат алгандардын ичинен 99 бейтап дарыланууну улантууда. Алардын ичинен Бишкектеги Трамватология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 35 бейтап, Улуттук госпиталда 12, Улуттук хирургия борборунда 9, Баткен облустук бириктирилген ооруканасында 11, Кызыл-Кыяда 1, Самаркандектеги ооруканада 2, Лейлектеги ооруканада 13, Кадамжайдагы ооруканада 16 бейтап дарыланууда.
Жаракат алгандардын ичинен 24ү аскер кызматкерлери, 75 бейтап жергиликтүү тургундар. Бишкекте дарыланып жаткан 56 бейтаптын ичинен бирөө өтө оор, үчөө оор абалда. Калгандарынын абалы орто оор", - деп билдирди Солтонбекова.
