super.kg logo

Баткенде жабыр тарткан жарандар менен психологдор иштеп жатышат

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда жапа чеккендер менен психологдор жана психотерапевттер иштешүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алар Бишкек шаарынан жана Ош облусунан Баткендеги чек арада жаңжал чыккан биринчи эле күнү жөнөп кетишкен.

"Алар ооруканада жаткандарга, эвакуацияланган үй-бүлөлөргө, бала бакчалардын жана мектептердин имараттарында убактылуу баш калкалап жаткандарга жеринде жардам көрсөтүп жатышат ", - деди ал.

Ализа Солтонбекова жабыркагандардын бардыгы мамлекет тарабынан кепилденген медициналык жардамды алаарын жана аларга керектүү нерселердин бардыгы өз убагында камсыздалып жаткандыгын белгиледи.

"Мындан тышкары жеке лабораториялар жана диагностикалык борборлор жардам беришет. Алар Бишкек шаарына жиберилген 56 жарандын бардыгына бекер анализ жана томография жүргүзөт", - деди Ализа Солтонбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: