super.kg logo

"Кечир бизди, наристе!". Чек ара чырында 5 жаштагы бала октон качып, сууга агып каза болду

 
Абидин Турсунбаев ушул жылдын 1-июлунда 5 жашка толмок. Бирок ал азыр арабызда жок. Наристе 29-апрелде коогалаңдуу чек ара чырында жааган октордон качып бара жатып, сууга түшүп агып кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Барчын Аманова бүгүн, 3-майда билдирүү жазып, наристени эскерди.
"Кечир бизди, наристе. Арабыздагы дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй-бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир. 29-апрель күнү саат 19.15те Арка айылынын тургундары Тажикстан кол салган дүрбөлөңдөн атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып, сыртка атып чыкса эле үйлөр өрттөнүп баштайт. Анда "качкыла!" деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым элдин баары тоону көздөй качып жөнөшөт.
Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй, экинчи наристесин бооруна кысып, эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы, карысы, боюнда бар келиндер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса, тажиктер тарапка өтүп кетип, табылбай калмак экен.
Наристе 1-июлда 5 жашка толмок. Ата-эненин тун уулу, таттуу небере.
Өз айылына көмүүгө болбой калыптыр, тажиктер атып жатышкан. Даргаз айылына жерге беришиптир.
Эмомали Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын көз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши өлтүргүч, кылмышкерсиң!", - деп жазды Аманова.
Ал эми бул боюнча Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова менен байланышканыбызда, ал мындай маалымат облустук милицияга келип түшө электигин кабарлады. Айтымында, алар бул маалыматты тактап, расмий маалымат беришет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
03.05.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ай байкушум ай сенда жан соогалап качкан экенсинда.кечир бизди баарына кыргыз элин куноолу
03.05.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ананып кетейин иий.эмне дешти билбей турам
03.05.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллах апасына сабыр берсин
03.05.2021. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
дагын кооп нерселерди жашырып жатасынар силерге 100 % туура айтсанарда ишенбейсинер
03.05.2021. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ананып кетейин периште. Бир жылт этип өчкөн чырактай болупсуң да. Апасына сабр сабр. Маңдайыбызга ушундай күн жазылган экенда. Кудай буйруса Апаң уй бүлөөң менен Бейиште бирге болосуң
03.05.2021. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тажик элин баланын убалы уктатпасын!!! Кырылып калсанар экен.
03.05.2021. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай ай. Убалын Ошо тадиктерге жетсин. Кудай тигил дуйнодо эмес,ушул жашоодо азаппка салсын сени олтургондорду.
03.05.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атаганат арман дүйнө байкушум жөжөм алы эчнерсени билбеген периштем турмуш ушундай таш боор экен Аллахкка керек экенсин бейиштин төрүндө болосун Иншааа Аллах
03.05.2021. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иий байкушум...(((
Каза болгондор 34тон коп дешетго жашырып жатышат
03.05.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмомали сага, ушул апаатка тиешеси барларга мин наалат, сенин айынан жетим, жесир атка конгон, балам деп боздогон элимдин коз жашы бир кун да, бир тун да уктатпасын.
03.05.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай маалымат милицияга келип тушсо деле эмне кылып жибермек эле жудонку бийлик.Оз элин коргой албады кайдагы тажиктерден
03.05.2021. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келгиле баарыбыз тажик башчысын каргап бата берели
03.05.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
:( :(
03.05.2021. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии , байкуш наристеде не куноо.
03.05.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул лолу тажикте айып жок айып биздин акылсыз коркок бийликте. Оз элин коргой албай кырдырып ийди 5 жашар баладан бери окунучтуу! Ушул наристенин убалы биздин бийликтегилерди уктатпасын ошол олгон 36 адамдын убалы урсун кыргыз бийлигин башкарган иттерди!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: