super.kg logo

Өкмөт башчы: "Чек арадагы окуяда документтерин жоготкон жарандардын документтери калыбына келтирилет"

 

Өкмөт Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатактын натыйжасында документтери жок кылынган же документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Улукбек Марипов билдиргендей, Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылды.

"Аталган милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында өлкө президенттин тапшырмасы боюнча, жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөт", - деди Улукбек Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: