Чек ара чырында 104 турак үй, 2 мектеп жана 3 чек ара заставасы күйгөнү айтылды



Аймакта келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМдин имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн күйгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өкмөт өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин чек арадагы болуп өткөн окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калкттуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш-аракеттери жүрүүдө.
Болуп өткөн окуялардан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган.


1 |