Баткендеги чек арада жабыр тарткан тургундардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө
Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында жабыр тарткан тургундардын жоголгон же жок кылынган документтерин калыбына келтирүү боюнча маалымат жыйын өттү. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев катышып, маалымат берди.
"Чек ара чырында жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өкмөт тарабынан атайын комиссия түзүлүп, жеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен документтерди тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Баткендин Лейлек аймагында жалпы 40 миң адам бар экен. Алардын ичинен 30 миңи эвакуация болгон.
Биринчиден, тургундар документтери жок болуп жатса, биздин кызматкерлерди күтүп туруңуздар. Биздин кызматкерлер барып, документтерди тактап кетишет.
Мамлекеттик бирдиктүү реестр бар, ал жактан алгач такталат. Эгер паспорт болсо, 18 күндүн ичинде, ал эми нике күбөлүгү же айдоочулук күбөлүктүн ар биринин мөөнөтү бар. Алар убактысына жараша жеткирилет", - деп билдирди Мамбеталиев.
