super.kg logo

Лейлектин бир катар айылдарын Бишкек, Чүй, Оштон барган милиция кызматкерлери күзөтүүдө

 

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулуңду айыл аймагында милиция кызматкерлери күнү-түнү иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кулуңду айыл аймагынын Интернационал, Максат, Бешкент, Кайрагач айылдарында жергиликтүү милиция кызматкерлери, Бишкек, Чүй, Ош облусунан келген кызматкерлер менен кайгуул күзөттөрүн жүргүзүп жатат.

"Кайгуул күзөттө ошол айылдагы ыктыярдуу элдик кошуундар милиция кызматкерлерине жардам беришүүдө. Алар жергиликтүү тургундарга абалдын туруктуулугун, дүрбөлөңгө алдырбоону, укук бузууларга жол бербөөнү суранып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жогоруда аты аталган аймактарда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте патрулдарга бөлүнүп, 2 нөөмөттө айылдарды аралап, коомдук тартипти сактоодо. Бүгүнкү күндө Кулуңду айыл аймагында абал туруктуу", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: