super.kg logo

Ырчы Нуриза Абазованын бир тууганы Бакытбек Абазов каза болду

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен эстрада ырчысы Нуриза Абазованын бир тууганы Бакытбек Абазов каза болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Баарыбызга баш-көз болуп турчу элеңиз. Бир боорум, бир тууганым. Акыры ажал сизди бизден алып кетти. Бала кезибизде "мен силерге ким болом?" деп сураганыңызда "көсөмүбүз болосуз" десек ыраазы болуп калчу элеңиз. Эми биз көсөмүбүздөн айрылып калдык", - деп жазган ырчы.

Өнөр адамдарынын бир тууганы Бакытбек Абазов боордун циррозу жана 2-типтеги кант диабети менен жабыркап келген. Ага өткөн жылдын ноябрь айында Орусиянын Новосибирск шаарында операция жасалган. Бакытбек Абазовго өзүнүн баласы донор болуп берери кабарланган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бакытбек Абазовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: