super.kg logo

"Рахмон, Кыргыз өлкөсүнө кол салууну токтот...". Германиянын төрт шаарында мекендештердин катышуусунда митинг болуп өттү (сүрөт)

 

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан улам ондогон жергиликтүү тургундардын өмүрү кыйылды. Алардын ичинен 5 жаштагы бала, 12 жаштагы Мадина аттуу кыз жаңжалдын курмандыгына кабылды. Орун алган кайгылуу жагдайлар ар бир кыргыздын жүрөгүн сыздатып турган чагы. Алыста жүргөн мекендештерибиз бул жагдайды көңүл сыртында калтырбай, Германиянын төрт шаарында митинг уюштурушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Калыгул Жунушбеков билдирди.

"Биз Германиядагы мекендештер!

Баарыбыз көрүп тургандай, мамлекетибизде абал оор кырдалга туш болуп, күн сайын жоготуулар болду... Тажик аскерлери тынч жаткан кыргыз айылдарына кол салып, алардын күлүн көккө сапырып жатты. Биздин бийлик тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырып, макулдашканы менен чек арадагы айылдардын абалы оор болуп, баскынчылыкка дуушар болду. Тажик куралдуу күчтөрү артка тартмак турсун, улам бир айылды басып, тургундарды куугунтукка алышты. Бейкүнөө эл тоо таянып качып, 30 миңге чукул адам үй-жайын таштоого аргасыз болду. Бирок эл аралык маалымат каражаттарына бул жөнөкөй гана чек аралык конфликт катары берилип жатат. Ушул себептен эл аралык медианын жана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн Берлин, Гамбург, Франкфурт, Мюнхен шаарларында Тажик элчилигинин алдында жана аянттарда тынчтык акциясына чыктык. Негизги ураан катары буларды колдондук: "Rahmon Stop Attacking Kyrgyzstan" (Рахмон, Кыргыз өлкөсүнө кол салууну токтот), "Stop killing civilians in Batken" (Баткендеги жергиликтүү тургундарды өлтүрүүнү токтоткула), "12 year old Madina and other dozens civilians killed in Kyrgyz-Tajik clash" (12 жаштагы Мадина жана ондогон жергиликтүү тургундар Кыргыз-Тажик кагылышуусунда курман болду).

Мындай акциялалар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу үчүн жана келечекте согушта болгон кылмыш иштерди эл аралык трибунада жоопко тартуу үчүн маанилүү", - дешти Германиядагы мекендештерибиз.

Германиянын Берлин шаары

Франкфурт-на-Майне шаары

Мюнхен шаары

Гамбург шаары

Эске салсак, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан расмий маалымат боюнча, 35 адам көз жумуп, 183 адам ар кандай жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
03.05.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дуйнодо чындык, акыйкаттык деген жок экен да. Бири дагы тажикти, Рахмон итти куноокор катары атабады. Айрыкча Путин баарын билсе дагы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: