super.kg logo

Максат мектеби кайрадан аткылоонун астында калды. Окуя тууралуу директор эмне дейт?

 

Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан Максат айылындагы Максат мектеби жараксыз абалга келген. Бул тууралуу мектеп директору Каттабек Жумабаев SUPER.KG порталына окуя тууралуу комментарий берип жаткан учурда билдирди. Айтымында, ал чыр болгон күнү окуучуларды октун үнү угулар замат үйлөрүнө коё берген.

"Мектепти курууга 43 миллион сом сарпталган. Мектеп типтүү, 225 окуучуга ылайыкташтырылып, азыркы тапта анда 208 окуучу билим алып жаткан. Мектепте 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер иштечү. Ал 20 мугалимдин ичинен 14 мугалим турак жайы жок калып, үйлөрү толук күйүп кетти. Азыр мектептин абалы мышык ыйлагыдай болуп турат, имарат жарактан такыр чыгып калды.

Ошол чыр чыга турган күнү мен балдарды 2 саат мурун эле үйлөрүнө кетиргем. Алар түшкү 12лерде эле мектептен чыгып, үйлөрүнө жөнөп кетишкен. Айылда анча-мынча эле ок жаңырып баштаганда, кээ бир үй-бүлөлөр бала-чакасын жетелеп, турактарын таштап башка жактарга кете башташкан.

Ал эми кээ бир ок атышуу токтойт деп ишенгендер үйлөрүнөн чыкпай эле бекинип жатышкан. Кечээ билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев биздин мектепке келип, абалды жеринен көрүп кетти.

Ал азырынча мектепте буга чейин окуган бала кайсы айылга барган болсо, ошол мектепте туугандарынын үйүндө жашап, окуп турат деп билдирди. Ошол жерден окууну бүтүрүп, ошол мектептен документ ала турганы айтылды. Ошондой эле мугалимдердин айлыгы толук сактала турганын убадалады. Ошондой эле күзгө чейин жарактан чыккан мектеп менен бала бакча толук бүткөрүлүп берилмей болду", - деди Юлдашев.

Аталган мектеп 2019-жылы да Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан ок тийип жабыркаган.
Анда SUPER.KG порталынын тартуучу тобу абалды жеринен билүү үчүн атайын Баткен облусунун Лейлек районуна барып, жергиликтүү элдин үнүн угуп кайткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: