"Арасында тажик улутундагы жарандар да бар". Чек ара чырында Исфанага эвакуацияланган дээрлик 26 миң адамдын 22 миңи кайтып кетишти
Чек ара чырында Исфана шаарына эвакуацияланган дээрлик 26 миң адамдын 22 миңи кайтып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган шаардын администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда үй-жайы өрттөнгөн тургундар гана калышты.
"Эвакуацияланган жарандардын көпчүлүгү өз үйлөрүнө кайтып кетишти. Калгандардын көпчүлүгү Максат айылынын турак жайы өрттөлгөн тургундары. Жалпы 26 миңдей тургун качып келишкен. Арасында тажик улутундагы биздин жарандар да бар. Баскынчылар эч кимди аяшпаптыр.
Азыркы учурда тамак-аш, дары дармектен кыйынчылык жок. Гуманитардык жардамдар жетиштүү деңгээлде келип жатат", - дешти шаардык администрациядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Federik

03.05.2021. 15:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оздорундо граждандык согуш болгондо,бири бирин союшкан,биздин тажиктерди аяп кое беле.
Nara5

03.05.2021. 18:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобоо булар биздин тажиктерди жон койот беле негизи тажиктер шашып калышыптыр оздорундо бир нерсе болбосо эле болду эми
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.