Жусупбекова: "Баткенде чек ара чырынан 29 мугалимдин үйлөрү толугу менен өрттөлгөн"
Баткен облусундагы билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу боюнча пресс-конференция өтүүдө. Анда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Баткен облусундагы чек ара чырынан билим берүү кызматкерлеринин зыянга учураган турак үйлөрү тууралуу малымат берди.
"Ушул окуянын кесепетинен 29 мугалимдин үйлөрү толугу менен өрттөлгөн. 10 мугалимдин үйү тонолгон. Ал эми атышуу учурунан дагы 3 мугалимдин үйү жабыркаган. Алардын ичинен Баткен районунда 7 үй толугу менен күйүп кеткен. 3 үй аткылоо учурунда зыянга учураган. Лейлек районунда 22 мугалимдин үйлөрү толугу менен күйүп кеткен. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысы которулуп, мектеп, бала бакча, мугалимдерге жардам көрсөтүлүп жатат.
Ошондой эле кесиптик билим берүү уюмдары, колледждер, жогорку окуу жайлар тарабынан кесепеттерди жоюуга багытталган каражаттар, тамак-аштар жана биринчи зарылдыктагы товарлар чогултулууда", - деп билдирди Жусупбекова.
