Түркиянын өлкөдөгү элчиси кыргыз элине көңүл айтты
Бүгүн, 3-май күнү тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Элчи 28-29-апрелде адам курмандыктарына алып келген Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяларга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтып, Түркия кыргыз элине бекемдикти жана биримдикти, ошондой эле бардык жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүнү каалап кетти.
Министр түрк тарапка Кыргыз-Тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген келишимдердин чоо-жайы жөнүндө маалымат берди. Сүйлөшүү процессин мындан ары жемиштүү өткөрүү үчүн турукташтыруучу шарттарды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлигинин кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу тобунун ишин белгиледи. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды аткарууга кыргыз тарабынын ниетин баса белгиледи.
Министр Казакбаев боордош Түркия республикасы менен түзүлгөн стратегиялык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө терең кызыкдар экендигин белгилеп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө салымын кошоруна үмүтүн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты, натыйжага багытталган жакынкы, орто жана узак мөөнөттөгү өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.


1 |