super.kg logo

Баткендеги окуяда коопсуз жайга көчүрүлгөн соң жүрөк оорусу кармап каза болгон аялдын уулу: “Ал катуу кайгыргандыктан каза болду”

 

Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасына жакын айылдарга тажик тараптын кол салуусунда коопсуз жайга көчүрүлгөн соң жүрөгү кармап каза болду делген 48 жаштагы аялдын уулу Шайырбек Баянов менен байланыштык. Ал буга чейин апамдын эч жери ооручу эмес дейт.

“Негизи эл арасында апамды үйүн өрттөп салганын уккандан жүрөк оорусу кармап каза болду деген имиштер жүрүп жатат. Иш жүзүндө андай эмес, апам 30-апрелде катуу кайгыргандан улам жүрөк оорусу кармап каза болду. Тажиктер биздин үйгө тийишпептир. Келсек баары жайында экен. Апам 29-апрелде эл менен чогуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми атам эркек кишилер менен калган. Буга чейин апамдын жүрөгү ооручу эмес, жакшы эле жүрчү. Бул бизге өтө оор тийди. Үч бир тууганбыз. Бир уул, эки кыз. Жакында эле кичүү карындашымды турмушка узатканбыз. Мен бул кабарды уккандан кийин Орусиядан келдим”, - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.05.2021. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыбыздын журогубуз ооруду баткендеги болгон окуяга
03.05.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай ойлонбой соз чыгара калабыз уй жайы учун эмес катуу кыйкырыкиан олуптурго(. Жапжаш экен (. Жакындарына сабыр эженин жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: