Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арадагы жолду оңдоп-түзөө иштери боюнча сүйлөштү
Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арадагы жолду оңдоп-түзөө иштери боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Тажикстандын жол оңдоочулары Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Согди облусунун чек арасындагы Исфара-Худжанд жолунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Бул окуя боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Баткен облусунун башчысы аталган жол Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкандыгын, жолдун так ортосунан мамлекеттик чек ара сызыгы өткөндүгүн, жолдун сол тарабы Кыргыз өлкөсүнө, оң тарабы Тажикстанга таандык экенин, Кыргыз мамлекети жолдун сол тарабынын оңдоп-түзөө жумуштарын өзү жасай турганын жана биз тараптын оңдоо иштерин токтотууну билдирди. Учурда жолдун оңдоп-түзөө иштери токтоду.
Исфара-Худжанд жолунун боюнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка 1, Арка 2 айылдары жайгашкан.
