super.kg logo

Улукбек Марипов: "Бүгүнкү күндө ар бир талкаланган объектини ыкчам калыбына келтирүү маанилүү"

 

Бүгүнкү күндө ар бир талкаланган объектини ыкчам калыбына келтирүү маанилүү. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов 10го жакын турак-жай талкаланган Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Тынч жарандарга карата кол салуу болорун эч ким күткөн эмес. Мен буга баа бере албасам да, убакыт бардыгын өз ордуна коёт. Учурда биз үчүн эң негизгиси – талкаланган объектилерди калыбына келтирүү. Канча турак-жай жана инфраструктуралык объектилер талкалангандыгы, канча социалдык объектилер өрттөлгөндүгү эсептелип чыкты. Учурда тургундар өз турак-жайларына тезирээк кайтуусу үчүн бардык күч-аракеттер ушул милдетти чечүүгө багытталган»,- деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, ар бир айтылган маселе кароосуз калбайт, айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп баштаган.

«Калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүнгөн, анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 миллион сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайын комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», - деди ал.

Андан соң өкмөт башчы Арка-2 айылынын тургундары менен жолугушту, анда айылдыктар тарабынан кыска мөөнөттө ыкчам чечүүнү талап кылган бир катар маселелер көтөрүлдү.

Кеп мамлекеттик чек араны тариздөө процессин жыйынтыктоо, турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо, айылда жумуш орундарын түзүү тууралуу жүрдү.

Өкмөт башчы ошондой эле Максат айылынын тургундары менен жолугушту, анда жергиликтүү тургундардын негизги өтүнүчү катары көйгөйлүү маселелерди чечүү жолу аркылуу коопсуздукту камсыздоо экенин айтты.

«Чек ара маселесин чечүү оңой эмес. Ага көп жылдык тажрыйба далил. Бирок кыйынчылыктарга карабастан өлкө жетекчилиги мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине чекит коюуга ниеттенүүдө. Ал маселени чечүүгө чейин талкаланган объектилерди калыбына келтирип, кадимки тынч жашоого кайтуубуз зарыл. Ондогон үйлөр өрттөнүп кетти, аларды калыбына келтирүүгө жардам берилет. Ошондой эле акыркы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө өрттөнгөн же жоголгон бардык документтер: паспорттор, нике тууралуу күбөлүк, мүлккө болгон документтер акысыз негизде калыбына келтирилет. Сиздер эч жакка чуркабайсыздар. Тийиштүү мамлекеттик кызматтардын адистери, келтирилген зыянды баалоо боюнча кызматтар жеринде иш алып барат»,- деп белгиледи премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.05.2021. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенин ойлоп сүйлөбөгөнүңдүн кесепети экенин сезип жатасыңбы? Ыймандуу адам болсо өз каалоосу боюнча отставкага кетмек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: