super.kg logo

Ошто тажик тараптын кол салуусунан курман болгондорго арналып куран окулду

 
Ош шаарынын борбордук аянтында тажик тараптын кол салуусунан курман болгондорго арналып куран окулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, вице-мэр Эмил Шадыханов, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев жана шаар тургундары катышты.
"Иш-чара Элдик штаб тарабынан уюштурулду. Куран окутулгандан кийин ысык тамак берилди", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен, Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 35 жаран каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырдан улам келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: