Улукбек Марипов: "Баткен облусу өзгөчө статуска ээ болуусу керек"
Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү иретинде документ даярдады. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тийиштүү чечимге кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынган соң Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат", - деди премьер-министр.
Өкмөт башчы ошондой эле турак жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр курулаарын белгилеген.
"Баткен районундагы 30, Лейлек районундагы 70 турак жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек", - деп белгиледи Улукбек Марипов.
Өкмөт башчы учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылып жатканын кошумчалады.



1 |