super.kg logo

УКМК: "Баткенде буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат"

 

Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 4-май саат 09:30га карата абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар катталган жок.

"Баткен облусунун Баткен районунун Актатыр айыл аймагынын Орто-Боз жергесинде 3-майдан баштап Коргоо министрлигинин сапёрлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда. Ошол себептүү чек ара тилкесине жакын жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматкерлери бардык Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: