super.kg logo

Садыр Жапаров Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: