super.kg logo

Тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган Баткендеги элге учурда курулуш материалдары керектиги айтылды

 

Бүгүн, 4-май күнү Баткен облусунун элине жардам көрсөтүү боюнча Башкы республикалык штабдын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат жыйын өтүүдө. Анда штабдын өкүлдөрү Ашырбай Жусупбеков, Нуржан Абылкасымов катышууда.

"Азыркы учурда тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган Баткен аймагындагы элге курулуш материалдары керек. Башка тамак-аш, дары-дармек каражаттары жетиштүү деңгээлде чогулуп, жер-жерлерге жеткирилип жатат", - деди Ашырбай Жусупбеков.

Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен, Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 35 жаран каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырдан улам келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: