ӨКМ: "Баткендеги чек ара чырында 120 турак үй, 84 объект талкаланды"
Тажик тараптын кол салуусунан улам жабыр тарткан Баткен облусуна гуманитардык жүктөрдү жеткирүү жана аны андан ары бөлүштүрүү боюнча маалымат жайын өтүүдө. Ага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов катышып, маалымат берүүдө.
"Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан 36 адам каза болуп, 189 адам жаракат алды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткендин Көк-Таш, Таш-Тумшук, Аксай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 миң 363 тургун эвакуацияланган. Лейлек районундагы Борбордук, Интернационал, Арка, Максат, Сада, Достук айылдарынан 26 миң 288 адам эвакуацияланган.
Түзүлгөн кырдаалда 120 турак үй, 84 объект талкаланган: 4 чек ара заставасы, 1 бала бакча, 1 ИИМдин имараты, 1 мектеп, 1 медициналык борбор, стоматологиялык бөлүм, 2 дарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 17 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.
Учурда аймактардан келген жардамдар жеткирилип жатат. Булардын баары биздин көзөмөлдө", - деди Шамырканов.
Мындан сырткары жеринде кызматкерлер келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатканын кошумчалап өттү.
