Бишкекте 34 мектептен коронавирус аныкталды
Бишкек шаарында окуу процесси башталгандан бери 34 мектептин кызматкерлеринен жана окуучуларынан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова билдирди.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда 12 мектеп дагы деле аралыктан окууну улантып жатат, андан тышкары 22 мектептин 32 классы онлайн окууга өтүштү.
"Статистикалык маалыматтар боюнча, мугалимдер арасында COVID-19дун 25 учуру катталган, анын ичинен 5 учур пневмония. Ал эми окуучулардын арасында 93 учур катталган, анын 9у пневмония 2", - деди ал.
Эске салсак, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын курамында 97 мектеп бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.