Баткенде Орто-Боз айылында 26 атайын убактылуу үйлөр салынды
Бүгүн, 4-майда Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана эмдөө боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Баткенде убактылуу 26 үй салынганын билдирди.
"Орто-Боз айылында 26 атайын убактылуу үйлөр салынды. Азыр жарандар үйлөрүнө эвакуациядан кайтып барганда, үйлөрүндө жашаганга мүмкүн эмес. Ал лагерлерде биринчиден медициналык пункт, "Тез жардам" унаасы, дааратканалар, тамак-аш жасоочу жайлар азыр күн ысып кеткендиктен талапка жооп бериши керек. Ушулардын баары биздин кызматкерлер тарабынан текшерилип жатат. Себеби күн ысыган соң ар кандай инфекциялар көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле ал жерде электр жарыгы барбы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, улгайган адамдарга убактылуу үйлөрдүн шарттары туура келеби, кандай жайгашкан ушул иштердин баары министрлик тарабынан аткарылып жатат", - деп билдирди Солтонбекова.
