super.kg logo

Ишенапысова: "Учурда 89 убактылуу эмдөө пункттары ачылып, 75 мобилдик бригада иштөөдө"

 

Бүгүн, 4-майда эпидемиологиялык кырдаал жана эмдөө боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Анда Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

"Учурда 89 убактылуу эмдөө пункттары ачылган. Дагы 75 мобилдик бригадалар иштеп атат. Алар жеткенге кыйын айылдарга барууга жардам берип жатат. Каттоо кылуунун электрондук системин иштеп чыкканбыз. Андан тышкары аталган көзөмөл эмдөөдөн кийин реакциялар болуп кетпешин алдын алат. Үч күндүн ичинде эмдөө алган адамды телефон аркылуу көзөмөл кылып жатабыз. Буга бизге дары-дармек департаменти жардам берип жатат.

Бүгүнкү күндө эмдөө алган жарандар өздөрүн жакшы сезип жатышат. 67 пайызы абалыбыз жакшы деген маалымат берди, 7 пайызында баш оорулар катталды, 2 пайызында дене табынын көтөрүлүшү байкалды, 1 пайызында кан басымынын көтөрүлүшү байкалган, бир жарандан аллергиялык белгилер аныкталды, бирок бир күндүн ичинде өтүп кетти", - деп билдирди Ишенапысова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: