Бишкекте бир апта ичинде чет өлкөлүк 5 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди
Бишкек шаарында бир апта ичинде 208 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бир апта аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унаалар аныкталды.
"Алардын ичинен Орусияныкы - 175,
5 - Арменияныкы ,
5 - Грузияныкы,
5 - Абхазияныкы ,
2 - Казакстандыкы.
16 - жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар.
Бардыгына бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 5 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматы коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видеокөзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен катуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантарын кошумчалашты.
