Чек арада жабыр тарткан адамдардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын кесепетинен документтерин жоготкон жарандарга документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-аракеттердин алгоритми бир нече этаптан турат: жарандарды калктын бирдиктүү реестринин тутумунда тактоо, архивдик материалдар менен иштөө жана эң акыркысы жаранды документтештирүү.
Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдарын кыдыруунун жыйынтыгында, көптөгөн жабырлануучулардын жанында документтери бар экендиги аныкталды. Бирок документтерин жоготуп алган жарандар да бар.
"Учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына көчмө мобилдик топ тартылып, жабырлануучуларга жеринде документтерди даярдап берүү боюнча арыздарды кабыл алып жатышат. Жарандарды документтештирүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык: Баткен жана Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Белгилеп кетсек, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды.
