Ош шаарынан психолог-дарыгерлерден турган топ жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Баткенге жөнөп кетишти




Баткенде жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Ош шаарынан 15ке жакын дарыгерлер жана психологдор Баткенге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеткендердин арасында Ош шаарындагы ЖОЖдордун дарыгерлери жана фельдшерлери, психотерапевттери жана психология мугалимдери бар.
"Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов дарыгерлер менен жолугуп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта жабыркагандар ар тараптуу жардамга муктаж экендигин белгилеп, психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн чоң салым кошо тургандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.