Кичинекей балдар чогулткан каражаттарын Баткенге жардам катары жиберишүүдө (сүрөт)




Баткенде чек арадагы окуядан жабыр тарткандар үчүн өлкөнүн башка аймактарынан кичинекей жаш балдар чогулткан акчасын жиберишүүдө.
Балдардын жардамын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча комиссиясы кабыл алып жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
"Аты-жөнү белгисиз болгон эки баланын топтогон 3215 сом каражаты өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулду.
Баткен эли жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү балдарга терең ыраазычылык билдирүү менен аларга бактылуу балалык жана кең келечек каалайт", - деди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Беш баланын энеси болуп,мен мынчалык каражат бере алган жокмун.Силер бирди берсеңер, Аллахым сиздерге миңди берсин.