super.kg logo

УКМК: "Контрабанда жок, өрттөлгөн май куюучу жайларда сакталып калган күйүүчү майлар ташылып жатат"

 

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстандын аймагына контрабандалык жол менен ташуу боюнча жайылтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видео материалдарда көрсөтүлгөн күйүүчү майларды ташуучу унаалар, күйүп кеткен май куюучу жайлардын күйүүчү майларды сактоочу жерлериндеги күйүүчү майларды чыгарып жатышат.

"Учурда контрабандалык жүктөрдү алдын алуу боюнча МСК, МАИ, РИББ жана УКМК Мобилдик топторунун башкармалыгынын инспекторлорунун курамында Лейлек районунда (Исфана шаары, Кайрагач жана Сай аймактары) 3 жерге мобилдик посттор орнотулду. Лейлек районунун аймагына кирип жаткан күйүүчү-майлоочу майлар Тажикстанга экспорттоонун алдын алуу иштери тийиштүү тартипте көзөмөлдөнөт. Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин, Мамлекеттик салык кызматынын инспекторунун катышуусунда узатылып жүргүзүлөт. Күйүп кеткен күйүүчү-майлоочу материалдарды май куюучу жайлардан кайтарып алуу иштери, Мамлекеттик Салык кызматынын инспекторлорунун катышуусу менен жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстанга күйүүчү майлар контрабанда жолу менен ташылып жаткандыгы айтылган видеолор социалдык тармактарга тараган. Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмдүн начальниги Мирзамир Сыдыков мындай маалыматтарды четке кагып, блогерлер ар кандай туура эмес маалыматтарды таратып жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.05.2021. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айылга 10-12 май куючуу,(заправка) совнемаюсь )))
05.05.2021. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
stal.ks,м менен в алмашып жазып алыпсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: