"Бүгүн, 4-майда Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө дарактарды пландык бутоо учурунда Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 3 дарактын соолуп калганына күбө болушкан. Тилекке каршы, дарактарды кимдир бирөө 12-15 сантиметр тереңдикте оюп, кандайдыр бир химиялык затты куюп салышкан.

Жерине Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын, мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын, Мамэкотехинспекциянын жана Аймактык муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери барып кароо жүргүзүп, кимдир бирөө дарактарды атайын жок кылууну көздөгөн деген тыянакка келишти.

Урматтуу шаардыктар, шаарга, шаардын мүлктөрүнө аяр мамиле кылууну суранабыз! Эгерде тартип бузгандарды көрүп калсаңыз дароо "102" кызматына чалууңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылат мэриянын кайрылуусунда.