super.kg logo

Бишкекте жана Чүйдө жашаган 400 аз камсыз болгон үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашаган 400 аз камсыз болгон үй-бүлөгө акчалай жардам, кийим-кече жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамды берүү боюнча кайрымдуулук акциясына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция министрлик менен Ассанабил эл аралык кайрымдуулук фондунун кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлдү. Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү.

Ализа Солтонбекова биргелешкен кызматташтыктын негизинде социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде жетим, томолой жетим балдарга гуманитардык жардамдар дайыма көрсөтүлүп тургандыгын белгилеп өттү.

"Биз көп жылдан бери Ассанабил фонду менен иштешип келе жатабыз. Биз мындан ары да кызматташтыгыбызды бекемдеп, калктын аялуу катмарына жардам берүү үчүн демөөрчүлөрдү тартабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: