super.kg logo

ИИМ: "Сүйүн Өмүрзаков Баткендеги катталган фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөөнү көзөмөлдөөдө"

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарында катталган фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөөнү көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баткен облусундагы бардык фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөөдө. Ал иликтөөнүн жүрүшү боюнча 48 тергөө тобунун катышуусунда жыйын өткөрүп, отчётторун укту. Ар бир тергөө тобуна аткарган иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берип, келтирилген чыгымдарды тез арада тактоону жана иликтенип жаткан иштерди кыска мөөнөттө аягына чыгарууну талап кылды", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 5-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: