super.kg logo

Социалдык тармакта Баткенге Мадина шаарчасын куруу сунушталууда

 
Социалдык тармактын колдонуучусу Рахматулла Кудайбердиев Баткен облусуна жаңы Мадина шаарчасын курууну сунуштады.
Анын айтымында, Лейлектин тажик тарап кол салган айылдардын биринин аймагында күйгөн үйлөрдүн ордуна эмес, өзүнчө жаңы жерге кичи шаарча куруу керек.
"Урматтуу кыргыз элим! Учурда Баткенди калыбына келтирүүгө карапайым журт, бизнес, бийлик жана эл аралык коомчулук ири каражаттарды берип баштады, көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Убакыттан пайдаланып, түшүп жаткан акчаны максималдуу түрдө максаттуу пайдаланууга чакырам! Ал үчүн Лейлектин тажик тарап кол салган айылдардын биринин аймагында, күйгөн үйлөрдүн ордуна эмес, өзүнчө жаңы жерге кичи шаарча курууну сунуштайм! Мадина аталышын ала турган бул шаарчаны аймактын социалдык-маданий, саясий-экономикалык борборуна айлантуу керек. Ага өзгөчө макам берүү менен шаарда ишкана ачам, бизнес жүргүзөм деген жактарды 10 же 15 жылга салыктан бошотуу. Мадинада билим берүүнү Бишкектеги эң алдыңкы мектептерден кем калбагандай деңгээлде жүргүзүүнү камсыздоо зарыл. Ошондо ата-энелер иш менен камсыз болуп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мыкты шарт түзүлмөк. Бул демилгени жергиликтүү эл да, жалпы кыргыз журтчулугу да колдойт деген ишеничтемин!", - деп жазган ал.

Фейсбуктун колдонуучулары Рахматулла Кудайбердиевдин пикирин бир добуштан колдоп, эң биринчи чек араны тактап алуу керектигин кошумчалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Комментарийлер(4)
05.05.2021. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тиги кызматтан бошогондор боюнча жазайын десем талкуу жабык экен, элчи болумушту да кызматтан алгыла
05.05.2021. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шаарча курулса жакшы болот. Элчи тууралуу да сөз болуптур чынында ошол элчини көп чиновниктер да тааныбаса керек. Алмаштыруу зарыл
05.05.2021. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн туура пикир. Максат айылынын ордуна курса да болот. Аскердик кучтордун штабын да ушул шаарга койуу керек. Военный окуу жайларды да которуу керек. Курулуш иштерине ар бир айылдан бригада тузуп 10 кун бекер иштеп беребиз.
alik.kg түзөттү 2021-05-05 10:48:11
05.05.2021. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер, дүйнө суктана тургандай шаар курушубуз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: