Президент Садыр Жапаров кыргыз элин Конституция күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргыз элин Конституция күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу.
"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм!
Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн биринчи Конституциясы мындан туура 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул күн ушул чакта дагы өлкөбүздүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.
Эгемендүүлүк жылдарында биздин Баш мыйзамыбызга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жаңы редакциялар кабыл алынган.
Мындай маанилүү күндө — 5-майда референдумдун расмий жыйынтыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлганы турат.
Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган.
Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргыз өлкөсүнүн мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем.
Урматтуу кыргыз элим, сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, ийгилик жана өсүп-өнүгүү каалайм!", - деп жазылат куттуктоодо.


1 |