super.kg logo

Бишкек мэриясы: "Вице-мэр Айжан Чыныбаеванын кызматтан кетүү тууралуу арызы түшө элек"

 

Вице-мэр Айжан Чыныбаеванын кызматтан кетүү тууралуу арызы мэрияга түшө элек. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрия муниципалитеттеги иш чындыгында психологиялык жана физикалык жактан алсыратарын белгилеп, вице-мэрдин баракчасындагы видеону баарыбыз үчүн оор мезгилде топтолгон эмоциялардын агымы деп эсептеген.

"Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын кызматы өтө жоопкерчиликтүү жана эмоционалдык жактан оор экендигин түшүнөбүз. Айжан Чыныбаева социалдык багыттан тышкары борбордогу пандемияга каршы күрөштү да көзөмөлдөйт. Мындан тышкары вице-мэр дагы деле болсо Баткен облусуна гуманитардык жардамды чогултуу жана бөлүштүрүү иш-чараларынын жигердүү катышуучусу экендигин белгилейбиз.

Биз анын чечкиндүүлүгүн, ишине толук берилгендигин баалайбыз.

Баса, расмий түрдө Айжан Чыныбаева дагы деле болсо Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган эмес", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: