"Бул киши качан уктайт, качан эс алат деп кээде таң калчумун" дейт төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин шакирти
Төкмө акын, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү түрү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак. Акындын шакирти Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Абдылда Нуралиев устаты менен бирге 14 жыл чогуу иштегенин, адамдык сапаттарын эскерип өттү.
"Устатым мени 1984-жылы Таластагы фестивалда биринчиликти алганымда шаарга алып кеткен. Ал киши менен Кыргыз улуттук филармониясында 14 жыл иштештик. Бизди ал киши "солдат" катары алып жүрчү. Тартипти катуу кармаган адам болгон. Бир киши келсе да, миң киши келсе дагы бирдей ырдайт эле.
Чарчап-чаалыкканын көргөн эмесмин. Бул киши качан уктайт, качан эс алат деп кээде таң калчумун. Анткени баарыбыз күндүз мейманканада эс алып жатсак, ошол айылдын аксакалдары келип, кечинде бара албайбыз, бизге ушул жерден ырдап бер дешчү. Анан устатым ал жерде ырдайт, кечинде элге ырдайт. Мен шакиртимин. Мени уктатпай капталыман түртүп, угуп отур деп турчу. Менин сөзүмдү кийин элге айтасың деп айтаар эле.
Бул кишинин дагы бир өзгөчөлүгү кайсы жерге барбасын, бардык адамдарды тааныганы. Башы баш эмес эле "компьютер" болчу. "Мен 1947-жылы келгенде тиги киши башкарма, кампачы эле" деп айтып калчу. Ал кезде эки эле киши семиз: кампачы жана башкарма. Калганы арык деп күлдүрүп калчу.
Бул киши сахнада туулуп, сахнада өлдү. Өмүр бою сахнада болду", - деп эскерди шакирти Нуралиев.
Өмүр баяны
Төкмө акын Манас районунун Арал айылында 1931-жылы туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн.
Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Эстебес Турсуналиев бир нече ыр китептердин автору, ошондой эле кинофильмдерге да тартылган. Андан сырткары комуз күүлөрүн чертип, эпостордон үзүндү айткан. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
Төкмө акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.
5-майга карата Жылнаама.
