super.kg logo

Жыл башынан бери өлкөдө күйүүчү майдын баасы 25 пайызга чейин жогорулаганы айтылды

 

Быйыл, 2021-жылдын башынан бери өлкөдө күйүүчү майдын баасы 25 пайызга чейин кымбаттаган. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч Орусия заводдорунда дүң сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу.

"Бүгүнкү күндө монополияга каршы орган өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Мунай сатуучулар тарабынан "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары бузулган учурда, монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда май айында апрель айына салыштырмалуу Орусиянын заводдорунда дүң сатуу баасы тоннасына 20 АКШ долларына чейин жогорулаган.

Учурда Кыргыз өлкөсү күйүүчү-майлоочу материалдар менен толук камсыз болгон жана тартыштык жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: