Борбор калаанын көчөлөрүн капиталдык оңдоо иштери улантылууда (сүрөт)











Борбор калаанын көчөлөрүн капиталдык оңдоо иштери улантылууда. "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бардык керектүү жумуштарды аткарып жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, 4-майга карата алты участоктогу жумуштар 50 пайыздан ашык аткарылды.
"Исакеев көчөсүнүн Чокон Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эски асфальтты оңдоо иштери аяктады. Учурда тротуардын бордюрлары орнотулуп жатат.
Жарандык көчөсүнүн Төрөкүл Айтматов көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки бөлүгүндө даярдык көрүү иштери толугу менен аяктады. Анда сугаруу жолу менен топуракты жумшартуу жана тыгыздоо иштери да жүргүзүлдү.
Армия көчөсүнүн Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетовго чейинки бөлүгүндө бордюрлардын пайдубалы даярдалып, шагыл аралашмасы төгүлүп жатат. 4-апрелге карата жол тосмолорунун 30 пайызы орнотулду.
Левоневский көчөсүндө "Бишк асфальт сервис" ишканасынын кызматкерлери жол тосмолорун орнотушууда. Ушул тапта тротуардын пайдубалы даярдалып, сугат иштери жүргүзүлүүдө.
Дал ушул учурда Васильев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиевге чейинки бөлүгүндө экскаватордун жардамы менен сугат арыктары кол менен тазаланып, кыртышты тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопин кең көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө түтүктөрдү бетондоо иштери жүрүп жатат. Брусчаткалар жана темир капкактар жөнгө салынат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле 7-Апрель көчөсү менен Чүй кең көчөсүнө чыгуучу жер менен саякаттоону уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.


1 |