super.kg logo

"Умай эне" культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек" дейт Садыр Жапаров

 
Үй-бүлө — коомдун негизи. Өлкөнү өзгөртүүнү үй-бүлөдөн баштообуз зарыл.

Бул тууралуу бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасап жаткан учурда айтты. Айтымында, салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулукту сактап калуу керек.

"Ааламдашуунун шарттарында өз жүзүбүздү сактап калуу эң маанилүү милдеттерибиздин бири. Ушуга байланыштуу дагы бир маанилүү кадам жасап, Конституцияга ушул маселелер менен да алектене турган Мамлекеттик катчы институтун атайын киргиздик. Алдыбызда кыргыздын философиялык-тарыхый мектебин, тарыхый жана маданий мурастардын платформасын түзүү маселелери турат.

Бүгүнкү күндө 100гө жакын этностун жана этностук коомчулуктардын өкүлдөрү жашап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп келе жатат. Биздин негизги ураан "Бирдиктүү эл — өнүккөн өлкө!“. Мамлекетибизде диний көп түрдүүлүк да орун алган, учурда 30дан ашык конфессиянын өкүлдөрү бар. Мамлекет дин менен кызматташып, коомубуздун келечекте тынч жана бакубат өнүгүүсүн камсыздашы кажет.

Ар бир жарандын башка жарандардын ишенимин сыйлоо маданиятын өздөштүрүшү келечек үчүн маанилүү. Элибиздин биримдигин, ынтымагын камсыздоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири. Баарынан мурун аялдардын өзгөчө ролун баса белгилегим келип турат. Заманбап билим берүү жана балдарды кароо системалары аялдарды үй иштеринен бошотот. Бирок аялзатынын эң маанилүү функциясын, көзгө көрүнбөгөн ишин эч ким алмаштыра албайт.

Биз баалуулуктарды жараткан институт катары аялдардын коомдогу ролун жаңыртып, күчөтүшүбүз керек. "Умай эне" культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек. Ошол себептен эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны жана долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырам.

Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын, мындан сырткары улуттук көркөм өнөрдү, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, өнүктүрүү зарыл", - деди Жапаров өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: