Кызматка дайындалган Абдикарим Алимбаев облус активине тааныштырылды




Бүгүн, 5-майда биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облусунун активине тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Алимбаев мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматында эмгектенген.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эрлан Сапарбаев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматына Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары кызматында иштеп турган Абдирашит Ташбалтаев дайындалды. Ошондой эле премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Учкунбек Жоробаев дайындалса, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун ордуна Алмазбек Рахманкулов дайындалды.
Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров да өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулуп, Кадамжай районунун акими кызматына Кутпидин Шакиров дайындалды.


1 |