super.kg logo

Бишкектеги "Баткенге көмөк" штабы өз ишин токтотот

 

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өкмөт астында уюштурулган "Баткенге көмөк" штабы өз ишин токтотот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаа транспорту менен Баткен облусуна жеткирилет. "Баткенге көмөк" штабы Баткен облусунун жабыркаган тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына жооп кайтарган жалпы физикалык жана юридикалык жактарга ыраазычылыгын билдирет", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле гуманитардык жардам чогултуу улантылары жана ал жер-жерлерге берилери айтылды. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэриясы координациялайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: