Кырчындай кыйылган өмүрлөр. Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан каза болгон жарандардын тизмеси
Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан кыргыз тараптан 36 адам каза болуп, 189 адам жаракат алды. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткендин бир нече айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Түзүлгөн кырдаалда 120 турак үй, 84 объект талкаланган. 4 чек ара заставасы, 1 бала бакча, 1 ИИМдин имараты, 1 мектеп, 1 медициналык борбор, стоматологиялык бөлүм, 2 дарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 17 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана да быт-чыты чыккан объекттердин катарында.
SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен байланышып, тажик күч түзүмдөрү менен болгон атышуудан каза тапкан 36 кыргыз жараныны тизмесин алды.
Тизменин арасында каза болгон жарандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экени көзгө урунат.
- Ражапбай Эгембердиев - 1967-жылы туулган, Максат айылынын тургун болгон.
- Мадина Рахматжанова- 2008-жылы туулган Интернацинал айылынын тургуну болгон.
- Абидин Турсунбаев - 2016-жылы төрөлгөн, Арка-2 айылынын тургуну болгон.
- Сагын Каратаев - Көк-Таш айылынын тургуну 1977-жылы 26-июлда туулган.
- Сүйүн Тагаев - Баткен шаарынын тургуну болгон, 1969-жылы 14-мартта туулган.
- Алтынбек Каработоев - 1982-жылы 18-майда туулган, Кадамжай шаарынын тургуну болгон.
- Баяман Адбрахманов - 1998-жылы туулган, Баткен шаарыны тургуну болгон
- Үсөн уулу Рашид - 1973-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну болгон.
- Жамшит Ганиев - 1990-жылы туулган, Чет Булак айылынын жашоочусу болгон
- Махаматрасул Сайдаров - 1985-жылы туулган, Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон
- Нурсултан Манасбек уулу - 1992-жылы туулган. №2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири. Капитан.
- Бекзат Юлдашев - 1991-жылы туулган. 2021-аскер бөлүгү.
- Эсентур Кубанычбеков - 1991-жылы туулган. 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири. Капитан.
- Дастан Нурумбаев - 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын жашоочусу болгон.
- Турдубай Саттаров - 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон.
- Медербек Камчыев - 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну болгон.
- Жаркынбек Аманов - 1988-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну болгон.
- Мурзабек Абдурахманов - 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургун болгон.
- Султанбек Абдывахап уулу - 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну болгон.
- Өмүрбек Бахридем уулу - 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургу болгон.
- Мооланбек Тажибаев - 1990-жылы туулган.
- Алижан Тагайбеков - 1990-жылы туулган, Баткен шаарынынын тургуну болгон.
- Доолатбек Жигитали уулу - 1998-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну болгон.
- Тойчубек Исманов - 1958-жылы туулган, Кара-Кулжа районуна караштуу Кашка-Жол айылынын тургуну болгон.
- Шухратбек Зикиров - 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын жашоочусу болгон.
- Шумкарбек Арыпбай уулу - туулган жылы белгисиз.
- Махмуджан Кудайбердиев - 1966-жылы туулган.
- Пахлаван Рахматов - 1991-жылы туулган, Интернационал айылы.
- Авазбек Бактияров - 1997-жылы туулган.
- Ражобай Эгамбердиев - 1967-жылы туулган.
- Айтбай Кудайназаров - 1981-жылы туулган.
- Чыңгыз Темирбаев - 1995-жылы туулган.
- Салим Бахтияров - 1963-жылы туулган.
- Аманидин Асанов - 1972-жылы туулган.
