6-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 6-майда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...2+9,
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26,
Баткен дубанында түнкүсүн +15...+20, күндүз +24...+29,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27,
Бийик тоолордо түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+29 градуска чейин жогорулайт.
