super.kg logo

СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевди жакындары эскерди. Ал көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак

 

СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата залкар акынды бүгүн, 5-май туугандары, кесиптештери жана шакирттери эскеришти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, Эстебес Турсуналиевдин басып өткөн жолу тууралуу эскерип өттү.

Эстебес Турсуналиевдин чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Акындын үнү" деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Ал аткарган "Жинди суу" менен "Кыз-жигит" термелерин, өзү чыгарган "Акишим", "Анделек" сыяктуу ырларын ар бир кыргыз сүйүп уккан.

Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган. Көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: