super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "Баткендеги окуяларда 136 турак үй жана 84 объектке зыян келтирилген"

 

Баткен облусунун аймактарында кырдаалдын кесепетинен 136 турак үй жана 84 объектке зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө атайын комиссия түзүлүп чыгымдар такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жарандарга жалпысынан жеткирилген гуманитардык жардамдын болжолдуу салмагы 967 тонна, анын ичинен 834 тонна таратылды. Кампага чогулган гуманитардык жардам 134 тонна. Мындан тышкары, жарандар тарабынан зыянга учураган аймактарга түз жеткирилген гуманитардык жардамдардын болжолдуу салмагы 694 тонна. Гуманитардык жардамдарды ӨКМ тарабынан жүктөө, түшүрүү жана жерине жеткирүү иштерине 120 куткаруучу жана 17 бирдик автотехника тартылган.

"Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 14361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган. Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылган. Жалпы Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган", - деп жазылган маалыматта.

Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:

- КР ӨКМ–16 бирдик техника, 214 кызматкер;
- Автотранспорт кызматынан – 60 спринтер - 60 кызматкер;
- Медицина кызматынан – 13 "Тез жардам" автоунаасы - 35 медкызматкер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: